Баткендеги «Ишкер» микрокредиттик агентигинин иши токтотулду

25 июня 2019, 09:00

 Улуттук банктын жазма буйруктарын аткарбагандыгы үчүн Баткендин «Ишкер» микрокредиттик агенттигинин каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн аракетин 2019-жылдын 24-июнунан тартып убактылуу токтотту.  

Айта кетчү жагдай, 2004-жылдын 9-августунда уруксат алып, бул ишкана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине  караштуу аймактык ишкана болчу. Бул микрокаржылоо уюму социалдык-экономикалык саясатты жүргүзүү, калкты иш менен камсыздоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, жумушсуздардын материалдык байлыгын артыруу  мааксатында уюшулган.