Мэрия 2020-жылы эс алуу, маданият, динге 475,9 млн сом жумшайт

28 ноября 2019, 10:09

Бишкек шаарынын 2020-жылдагы жалпы бюджети 10 млрд 98 млн 148 миң сомду түзөт. Анын ичинен чыгаша - 233 млн 396,1 миң сом. Бул тууралуу Бишкек шаарынын 2020-жылдагы бюджети жана 2021-2022-ж болжолдуу бюджетинде жазылат. 

Бюджет шаар мэриясы жана КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы  №26  бекитилген токтомуна ылайык түзүлгөн. 

Маалыматка ылайык, 2020-жылы бюджеттен 475,9 млн сом эс алууга, маданиятка жана динге жумшалат. Билим берүү тармагына – 4,4 млрд сом, турак жай, коммуналдык кызматтарга – 2,9 млрд сом, капиталдык салымдарга – 925, 6 млн сом коротулат.