Улуттук банктын «Росинбанктагы» үлүшү 95% өстү

4 июня 2019, 15:15

«Росинбанк»  ААК капиталы  4 млрд 550 млн сом болуп, Улуттук банктын үлүшү 85% дан 95%  өскөн. Бул тууралуу финансы жана бюджет боюнча Жогорку Кеңештин жыйыныда кечээ 3-июнда Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында «Росинбанк» ипотека менен курулуш тармагында иштейт.  Ипотекалар МИК аркылуу берилет. 

Комитетте  2018-жылдагы Улуттук банктын отчетун угуп чыгышты. 

«Учурда 25 банк  иштеп, анын 2-3  Улуттук банктын талаптарын аткара албай жатышат. Жаңы мыйзамга ылайык алар эми микрофинансы уюму болуп түзүлүшүү керек, эгерде 600 млн сомго баштапкы капиталы жетпесе», — деп билдирген  Абдыгулов.