Дубай 7-июлдан тарта туристтерди кабыл алат
7-июлдан тарта Дубай туристтер үчүн өз эшигин ачат. Бул тууралуу ТАСС порталы, эмираттагы кмт башчынын Твиттердеги билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыкты.
«Дубай 2020-жылдын 7-июлунан тарта туристтерди кабыл алат. Саякаттоого келген туристтер вирустун жоктугун далилдеген тесттин жыйынтыгын ала жүрүүсү керек же болбосо Дубайдын аэропортунан анализ тапшыруусу кажет», — деп жазылат маалыматта.
Белгиленгендей, жашап турууга уруксаты барлар эмиратка 22-июндан тарта келе беришсе болот. Ал эми жергиликтүү тургундарга 23-июндан тарта чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди.