Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөргө болгон экспорту 28.9% өскөн

27 сентября 2019, 09:32

КР тышкы өлкөгө болгон соода жүгүртүүсү 2018 – жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 28.9% өскөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирет. 

Бул көрсөткүч баалуу металлдардын 1.6 эсеге көп келүүсүнөн таасир эткен. Баалуу металлдардын Кыргызстандан тышкы мамлекеттерге экспорттолушу жалпы көлөмдөн  62.9% түзөт. Андан сырткары, экспорттун өсүүсү тамак-аш азыктары жана айыл-чарба чийки заттын  келүүсүнүн негизинен көбөйгөн деп билдиришет эксперттер. Өткөн жылга салыштырмалуу 1.8 эсеге көп өндүрүш катталган. Жалпы экспорттон 9.2% түзөт. 

Ошону менен катар минералдуу азык-түлүктүн көрсөткүчү 19.1% кыскарган, анын ичинен  металл жана буюмдар – 42.1%. 

Эске сала кетсек, ЕЭКтин жыйынтыгы менен КР – ЕАЭС мамлекеттерине болгон экспорту 20.1% кыскарган.