Кытайга кыргыз товарлары көп экспорттолобу?

6 июня 2019, 11:30

Кытай Эл Республикасынын башчысы  Си Цзиньпин 2019-жылы июнда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Анда кыргыз товарларын чыгаруу тууралуу келишимдерге кол коюлат. Бул тууралуу Кытайдын айыл чаба боюнча өкүлү Цюй Дунъю Кытайдагы кыргыз элчиси Канайым Бактыгуловага билдирди.

Элчи айым Кытайлыктарды Кыргызстандын  айыл-чарба тармагына инвестиция жасоого чакырган долбоорлорду берген. 

 

«Келе жаткан мамлекеттик визиттин жыйынгыныда айыл-чарба тармагында кызматташуу жана кыргыз азыктарын экспортто тууралуу келишимдерге кол коюлат», —деп билдирди элчи айым.

Ал эми  Дунъю айыл чарба тармагындагы кызматташтыкта илимий-техникалык кызматташууга, кадр даярдоого жана азык-түлүк коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды. айрыкча, чек ара чектешкен аймактарода жолуккан өсүмдүк оорулары менен малдын ылаңына каршы туурууга чакырды.  Ошондой эле, «Түштүк-Түштүк» долбоорунда кызматташууга чакырды. 

Эки тарап айыл-чарбасында гана кызматташпастан, ШКУ , БУУ жана башка уюмдардын алкагында дагы кызматташууга кенири мүмкүнчүлүктөрдү колдонушат.