«Газпром» менен Google — студенттер кызыккан компаниялар

1 июля 2019, 14:55

Студенттер үчүн «Газпром» менен Google компаниялары эң ыңгайлуу  компания деп  lenta.ru РБК таянып жазып чыкты. 

Мындай рейтинг жыл сайын уюштурулуп, анда  Россиядагы «2019-жылдагы эң жакшы жумушу сунуштаган компания»  рейтинги Universum  тарабынан жасалды.

 Финансы менен бизнесте окууган студенттердин  29.1% , инженердик-техникалык  факультетин 31.3% студенттери  «Газпром» компаниясын ыңгайлуу деп аташкан. Google  компаниясын IT- адистери менен гуманитардык багыттагы  — 50.8%  жана  35.3% студенттер мыкты деп таанышкан. 

«Газпром нефть» компаниясы келечектеги финансы  адистеринин (19.5%) кызыгуусун жаратса,  (22.4%) табыгый илимдин студенттери бул команияда иштөөнү каалашат.

Компаниялардын сутуденттер арасында абройлуу болушуна жогорку айлык акысы, профессионалдуу өсүүсү  себеп болууда. 

IT адистиги менен окууган студенттер: 63.2  миң рубль  айлык акы табууну самашат. Келечектеги  инженерлер менен  табыгйы  илимдердин студенттери   60.4 миң  рубль  алууну эңсешет. 

Буга чейинки изилдөө  көрсөткөндөй  россиялыктардын  70%  үчүн идеалдуу  жумуш бул жогорку айлык төлөгөн  компания болуп саналатАндан  кийин социалдык пакет мааниге ээ. Ага 65% социалдык пакет үчүн кызыккандар.