«Инфоком» жаңы номерлер үчүн 64.4 млн сомго сатып алуу жасайт
«Инфоком» мамлекеттик ишканасы автоунаалардын номерлерин басып чыгарууга сынак сынак жарыяланды.
Сатып алууга каралган жалпы сумма 64 млн 424.8 миң сомду түзөт.
2016-жылдын 1-июндан тарта «Инфоком» мамлекетик ишканасы жаңы үлгүдогү авто унаалардын номерлерин басып чыгарып, андан мамлекеттик бюджетке 91% таза киреше түшөт. Мамлекеттик номерлер КР стандартына ылайык, эл аралык талаптар дагы сакталып, улуттук белгилер колдонулуп чыгарылат.