$1 млн Макмалды реаблитациялоого инвесторлор салым салышты

11 июня 2019, 10:45

«Биргелешип кызматташуу»  келишимине ылайык  «Мансон Групп» ЖЧК «Макмал Голд Компаниясына» ЖЧК биринчи транш $1 млн которду. Маалыматты «Кыргызалтын» ААК тастыкташты.

Айтмакчы, быйылкы жыл президент тарабынан аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. «Биримдик Ишеним Жаратмандык»  программасына ылайык, 2019-жылдын  27-мартында  «Кыргызалтын» ААК жана сынактын жеңүүчүсү «Мансон Групп»ЖЧК  келишим түзүшүп,  «Комбинат Макмалзолото» базасында биргелешкен ишкана түзүүгө макулдашкан.

Учурда «Кыргызалтын» филалындагы активдерди «Комбинат Макмалалтынга»  которуп, биргелешкен ишкананын баштапкы капиталы түзүлүүдө. 

Кошумчалай кетчүү жагдай, жалпы инвестициянын суммасы келишимге ылайык  $75 млн. Каржылоо баскыч, баскыч менен жүрүп, келишимге ылайык жасалат.