ЖК комитети Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдөгү 50 млн. $ гранттык макулдашуу долбоорун колдоду

23 сентября 2019, 12:05

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы боюнча комитети 23 – сентябрда КР менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы экономикалык ассортиментти өнүктрүү долбооруна макулдашуу жүргүздү. 

Экономика министри Санжар Муканбетовдун айтымында, 2018 – жылы КР тарабынан аталган программа боюнча иш-чаралар аткарылган жана  Азия өнүктүрүү банкы  бюджетти колдоо үчүн алгач 30 млн.$ бөлүүнү көздөгөн, кийинчерээк 40 млн.$, андан кийин 50 млн.$ бөлдү. 


2019 – жылдын 16-сентябрь күнү Азия өнүктүрүү банкынын директорлор совети  өлкөнүн бюджетин колдоо максатында, 50 млн. $ бөлдү – деп билдирет министр.