ЖЭБ Бишкекте кышкысын 7 буу казан иштетилет

9 октября 2019, 12:55

Бишкек ЖЭБде учурда 7 буу казанга оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кийинки жылы  сегизинчи буу казан ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевтин иш сапарында ЖЭБ Бишкектин директору Андрей Воропаев билдирди. 

«Жылуулук мезгилинде 8-9 буу казан ишке кирет, ал эми кошумча 6 буу казан даярдалып турат», - деп билдирди. 

Андан сырткары, видео байкоолор ушул жылы ЖЭБтин ичиндеги бардык жерге орнотулганын  кошумчалады.