«Түндүк» системасына 53 мамлекеттик орган туташты

29 мая 2019, 10:33

Учурда 53  мамлекеттик орган «Түндүк» системасына кошшулган. Бул тууралуу КР Коопсуздук Кеңешинде цифралык трансформация «Санариптешкен Кыргызстан» талкуусунда «Электрондук байланыш борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева билдирди.

«Эми бир гана мамлекеттик органды кошуу керек. Ал дагы жакын арада ишке ашат», — деп билдирди ал. 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов  быйылкы санариптештирүү  жана аймакты өнүктүрүү жылы боюнча коюлган  «СанариптүүКыргызстан» максаттары  өз убагында ишке ашып, толук көлөмдө  ишке ашышы керек деп билдирди. 

«Өлкөнү санариптештирүү тууралуу  иш-чараларды ар бир мамлекеттик кызматкер жоопкерчилик менен аткарууга тийиш. Антпесе, аларга карата чара көрүлөт. Жалпысынан Коопсуздук Кеңешинин  сунуштары министрлик, ведмстволор тараьынан жакшы колго алынууда. Бирок, ага карабай айрым мүчүлүштүктөр бар, андыктан аларга карата сөгүш берүү керек», — деп билдирди ал. 

Эмики жыйында электрондук карым-катнаштар кандай жүрүп жатканы деталдуу каралат.