Кыргыз фондулук биржасы «Акчабар» финансы порталы менен кызматташат

24 июля 2019, 09:58

Кечээ, 23- июлда «Кыргыз фондулук биржасынын» конференц залында  «Акчабар» финасы порталы менен  кызматташуу тууралуу келишимге  кол коюлду

Документке «Кыргыз фондулук  биржасыны» президенти Назар Ниязов менен  «Акчабардын» генералдык директору Алымбек Омурзаков кол коюшту. 

Келишимдин негизги максаты Кыргыз фондулук биржасына маалыматтык  колдоо көрсөтүү менен баалуу кагаздар рыногундагы ишмердик тууралуу элге жайылтуу. Эң негизгиси калк арасында финансалык сабаттуулукту көтөрүү. 

«Жогорудагы кызматташтыктын алкагында ийгиликтүү иш жүргүзөбүз деген ниеттебиз.  Калкка  Кыргыз Фондулук биржасы тууралуу кеңири маалымат берип, баалуу кагаздар тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү», — деп билдирди Назар Ниязов.