«Чоң-Капкада» чоң коррупция

6 июня 2019, 10:30

Кечээ 5-июнда чек ара көзөмөлу кезектеги мыйзамсыз мунай ташуучуну кармашты.  «Чоң-Капка-автожол» өтмөгү 23.2 тонна мыйзамсыз ташыган мунайды колго түшүргөн.

Жүк ташуучуну коштогон унаа Казахстандан «отун үчүнг май» деп жазылып, бирок бензин ташып келе жаткан.

Анткени, текшерүүгө алынган чиргегичи менен «МАН»чек арачылар арасында күмөн жаратып, тыкыр текшерүүгө алышкан.  

«Күмөн жараткан жүк менен Казахстандын жараны кармалып, жүк жана айдоочу тийиштүу органга өткөрүлүп берилди», – деп билдирет ведмство. 

Айтмакчы, 2019-жылдын  3-6 июнга чейинки аралыкта «Чоң-Капка-автожолу» өтмөгүнөн эле   46.4 тонна мыйзамсыз мунай заттары кармалган.