Кыргызстанда жумушсуз жарандардын саны азайды

18 марта 2020, 13:20

2020-жылдын февраль айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандагы  жумушсуз жарандардын саны 76.8 миң адамга жеткен. Бул маалыматты КР Каржы министрлиги билдирди. 

Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 1.3% төмөндөгөнү байкалган. 

Муну менен катар 2019-жылдын январь-февраль айында жумушсуздардын саны 27.8% жогорулаганы маалымдалган. 

Үстүбүздөгү жылдын январь айындагы эмгек акынын реалдуу өсүшү 8.5% түзгөн. Номиналдык көрсөткүч менен айтканда эмгек акынын орточо көлөмү 17 миң 172 сомду түзгөн.