Кыргыз мөмө жемиштери Катардагы “Рамазан фестивалында”сатылууда
Доха шаарында үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинен тартып өтүп жаткан жана 4-июнга чейин улануучу Эл аралык “Рамазан фестивалы” көргөзмө-жармаңкесине Кыргызстандын кургатылган мөмө -жемштери катышып жатат.
кыргызстандын экспорттук азык-түлүк өндүрүшүн алдыга жылдыруу максатында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин жардамы менен “Аль Азт Трейдинг” кыргыз-катарлык компаниясы Доха шаарындагы жарманкеге кыргыз мөмө жемишинин катарын алып барышкан.
«Эл аралык “Рамазан фестивалы” көргөзмө-жармаңкесине катышып жатат. “Аль Азт Трейдинг” компаниясы көргөзмөнүн конокторунун арасында популярдуулукка ээ болгон ар түрдүү бал сортторун жана кургатылган мөмө-жемиштерди көрсөтүүдө. Бул көргөзмө-жарманке жыл сайын уюштурулат жана быйылкы иш-чара “Мусулман өлкөлөрүндөгү меймандостук” лозунгунун астында өтүп жатат»-билдирилет маалыматта.