«Росинбанк» кирешелүү болсо, Улуттук банк акцияларын сатууну карайт

19 апреля 2019, 10:06

 Кыргызстандын Улуттук банкы «Росинбанк» ААК  кирешелүү болгондон соң,  сатууну көздөйт.  Бул тууралуу пресс-конференцияда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

айтмакчы,  «Росинбанк» ААК капиталдаштыруудан кийин Улуттук бантын банктагы үлүшү 95%.

«Учурда бул банкты сатуунун бир канча жолдору каралууда.  Алардын арасында эл аралык фондулук рыногу аркылуу ачык сатуу да каралууда», — деп билдирди Толкунбек Абдыгулов.