Казахстан 10 жылда $250 млрд чет элдик инвестиция тарткан

6 августа 2019, 09:33

Казахстан инвестиция тартууга жагымдуу климат түзүп келет.  Быйыл 103 чет элдик жана ата мекендик инвестициялык долбоорлор ишке киргени турганы тууралуу finreview.info  жазып чыкты. 

 Казахстан Дүйнөлүк банктагы инвестициялык рейтинги көтөрулдү.  Ошентип, Doing Business  2019-жылдагы отчету боюнча  Казахстан өз позициясын 36- орундан 28-орунга (190 мамлекеттин арасында) жылган,  ошол эле маалда  «Ишканаларды каттоо» позициясында  5 орунга жогорулап, 36- орунга чыккан. 

Бизнести жүргүзүүдө «Бирдиктүү терезе» инвесторлорго жагымдуу жагдай түзүп, бажы декларациясын каттоого алуу дагы электрондошуп,  ASTANA-1 иштеп баштаган. 

Эгемендик алгандан бери Казахстан  $320 млрд түз инвестициялар тартылган (ПИИ). Ушул эле маалда акыркы  10 жыл ичинде  улуттук экономикага  $250.2 млрд киреше кирген. Жогорудагы тенденция  эффективдүү инвестициялык саясат жургүзүп жаткандыгын айгенелейт. Түз инвестиция  2012-жылы кирип ($28.9 млрд), ал эми 2011-жылы ($26.5 млрд) же  2018-жылы  ($24.3 млрд) жетти.