Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 284 бейтап кайрылды

4 ноября 2019, 12:33

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (4.11.19-ж.) 284 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 256сы жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын 89у ооруканага жаткырылган, алардын 81и жаш балдар.

«Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 101 адам кайрылса, 49у ооруканага жаткырылып, 52 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 61 адам кайрылган, алардын 16сы ооруканага жаткырылды», — дейт министрликтен.