IT-стартап. Багелик фонду– $80 миң
DAR IT-компаниясы IT-стартап сынагын жарыялап, анын байгелик фонду $80 миң доллар коюлду. Ал эки баскычта: коммерциялык долбоорлор (логистика, финтех, камсыздоо, ритейл, e-commerce жана фармакология) ошону менен катар социалдык (айыл жана шаарларды жакшыртуу, ден соолукту чыңдоо, экология жана жаратылышты коргоо).
сынак кимдер үчүн?
IT-командалар, стартапка өз долбоорлорун баштоону каалаган Казахстан, Кыргызстан менен Өзбекистандын студенттери катыша алат.
«Бул профессионалдар менен жаңы баштаган IT- адистери үчүн жакшы аянча. Алар инновациялык ойлоп табуулары менен эксперттик баа ала алышат. Ал эми алдынкы адистер үчүн бул IT-долбоор – аркылуу коммерциялык долбоорлорго $10 миңден, социалдык багыттарга $25 миң инвестиция алууга жана Darlab.asia акселератор резиденти болууга шарт түзөт», – деп билдирет IT-компаниядан.
Сынакка катышууга эмне керек?
- Онлайн- арызды бул сайта толтурса болот;
- технологиялар боюнча берилген тапшырмаларды аткаруу.
Арыздар 2019-жылы 29-майга чейин Нур-Султандын убакытыс боюнча саат 18.00 чейин кабыл алынат. Тандоо комиссиясы 2-июндан кеч эмес убакытта арыздарды карап чыгып, чечими тууралуу жарыялайт.
Арыздар кандай критерийлер менен каралат?
«Баардык арыздар дыкат каралып, төмөндөгү талаптар боюнча тандоо жасалат: өзгөчө жана чыгармачылык менен берилген идеялар, стек технология, инновация киригизүү, социалдык мааниге ээ, команданын толук болушу, прототиптин болусу шарт, codereview менен окутуу», – деп белгиледи компанияда.
Арыздар төмөндөгүдөй багыттарды камтышы керек:
- Долбоордун максаты;
- Маселени чечүү жолу;
- Жакшы жагдайга өзгөртүү;
- Атаандаштык чөйрөсү;
- Командасы тууралуу жазуу;
- DAR lab кандай колдоо зарыл.
Андан ары эмне болот?
Эгерден тандоо турунан командаңыз менен долбоор жактырылса, анда Darlab.asia Алма-Ата шаарында окууга барышат. Эң мыкты долбоорлор инвестиция алышат. Баардык суроолор боюнча nmusalievsa@dar.kz и aaituov@dar.kz. кайрылыңыздар.