Корея, Япония, Филиппинден 19 кыргызстандык кайтарылды

23 июня 2020, 11:15

Бүгүн, 23-июнь күнү Кыргыстанга Корея (4), Япония (6), Филиппинден (9) 19 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Кыргызстандык жарандарды мекенине кайтарууда Казакстан тарап көмөк көрсөткөн. Алар «Air Astana» авиакомпаниясынын учагы менен Алматыдагы аэрпортко учуп келип, андан кийин атайын унаа менен Бишкекке алынып келген.

Келген жарандардын баары тиешелүү тартипте обсервацияга жаткырылат.

Министрликтен белгилешкендей, чет жердеги кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер уланууда.