КР айыл чарбасын экспорттогондор салыктан бошотулат

10 июня 2019, 09:00

Казахстан жана башка өлкөлөргө  айыл чарба азыктарын экспорттогон ишкерлер КНС, сатуу салыгы менен мүлк салыктарынан бошотулат.Бул  тууралуу Экономика министрлиги билдирди. 

Жаңы Салык Кодексине ылайык айыл чарба азыктары менен кайра иштетилген ата мекендик товарлар салыктардан бошотулат. 

«Айыл чарба азыктарын иштеткен, сактаган жана кандайдыр бир мүлккө ээ ишкерлер салыктардан толук бошотулат», —деп билдирди экономика  министринин орун басары Дастан Кадыров.