Кытайдан Кыргызстанга 255 миң $ гуманитардык жардам келди

10 апреля 2020, 15:00

2020-жылдын 10-апрелинде Кытайдан чартердик жүк аркылуу Бишкекке жалпы суммасы 255 миң долларды түзгөн гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Гуманитардык жардамдын ичинде медициналык коргонуучу кийимдер, коргонуучу беткаптар, термометрлер ж.б. кирет. Мындан сырткары, жакынкы убакыт аралыгында экспресс-тест жана дагы медициналык жабдыктардын келиши күтүлүүдө. 

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн жардамдар КР Тышкы иштер министрлигинин, Кытайдагы кыргыз элчилигинин жана ШКУ Катчылыгынын өз ара аракеттешүүсүнүн негизинде  «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору аркылуу жүргүзүлгөн.