Кызыл-Кыяда 3 км жолду талкалашып, анын 1,5 км гана оңдошкон

22 октября 2019, 11:54

КСДП партиясынан депутат Сайдолимжон Жураев бүгүн, 22 – октябрда транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Кызыл-Кыя автожолунда 3 км автожолду талкалаган  боюнча кайра оңдолбой тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, талкаланган 3 км жолдун, 1,5  км  гана кайра оңдоп-түзөөдөн өткөн. Калган жол талкаланган боюнча тургандыгын билдирди. 

Транспорт жана жол  министрлигинин өкүлдөрү бул маалыматты тактай тургандыгын айтышты. 

Андан сырткары, эл өкүлү «Кызыл-Кыя» аэропортун кайра оңдоп, ишке киргизе турса боло тургандыгын жана кете турган каражатты алдын-ала эсептеп чыгаруусун талап кылды. 

Учурда комитет жыйында «КР 2020 – жылдагы республикалык бюджети жана 2021-2022 жж. бюджетти божомолдуу кароо»  мыйзам долбоорун карап жатышат.