«Манас» аэропортун 500дөн ашык авиациянын кызматкери кайтарды

9 октября 2020, 09:25

8-октябрь күнү «Манас» эл аралык аэропортун кайтарууга  500дөн ашык авиациянын кызматкери чыккан. 

«МЭА» ААК, «Кыргызаэронавигация» МИ,  КР МЧК, жана КР ИИМдин аба транспортундагы ички иштер органдарынын кызматкерлери тартипти сактоого чыгышкан.    

Башкы максат - аба транспортунун жана жүргүнчүлөрдүн  коопсуздугун камсыз кылуу. 

«Манас» аэропорту штаттык режимде иштеп жатат.  «Манас» жана «Ош» аэропортторундагы бардык эл аралык жана ички каттамдар ырааттама боюнча аткарылууда.