Эл аралык резервде Кыргызстандын алтыны 4.2 тонна

1 июля 2019, 15:31

2018-жылы Кыргызстандын эл аралык резервинин камынын көлөмү $2.156 млрд болуп, ал 1% төмөндөгөн же  $21 млн каражатты түзөт. Бул тууралуу  Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди

 

«Эл аралык резевдин көлөмун көбөйтүү  максатында Улуттук банк ички рынокто алтынды сомго сатып алып турат. Былтыр  эл аралык резервдин жалпы көлөмү  11.8 млрд сом болуп, жыл ичинде 78.8% өстү», —деп билдирди ал. 

Ал эми Улуттук банк сатып алган алтындын көлөмү 4.2 тонна, бул 2017-жылга караганда  1.8 тоннага көп алтын алынган.

« 2019-жылдын январь-май айларында баалуу металдардын ички рынокто көлөмү 1.6 тонна, же 4.7 млрд сомго алтын сатылып алынган», —деп билдирди Толкунбек Абдыгулов.

2018-жылы Улуттук банк финансы коопсуздугу, эффективдүулүгүнө көңүл бурулгандыгы тууралуу билдирди.