Улуттук банктын алтын валюта резерви $73.4 млн жогорулады

5 июля 2019, 09:30

Улуттук  банктын алтын валюта резервинин көлөмү өлкө тарыхындагы эң жогорку чекке жетти. Биринчи жолу Кыргызстандын алтын валюта резервинин көлөмү 2 миллиард 244 миллион 520 миң долларга жетти. Бул туурасында Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланды.

Мындай рекорддук көрсөткүч 2014-жылдын июль айында да болуп, анда резервдин көлөмү азыркыдан 18,5 миллион долларга көбүрөөк болгон.

Ал эми май айына салыштырмалуу 73,5 миллион долларга жогорулаган. Улуттук банктын алтын валюта резерви бир нече валюталар менен толукталып, эл аралык карыздарды жоюуга каралган.