Чакан жана орто бизнесте азык түлүк коопсуздугу башкы фактор

22 июля 2019, 09:49

 GIZ «Борбордук Азиядагы соодага көмөктөшүү » (TFCA), «Туруктуу экономикалык өсүү» (NAWI)  программалары азык түлүк коопсуздугу жана стандарташтыруу борбору эл аралык талаптарга ыйлайк азык түлүк коосузуду боюнча окуудан өтүштү

Эми Экономика министрлигинин кызматкерлери азык түлүк коопсузуду боюнча чакан жана орто бизнеске окутуу жүргүзө алат. Бул азык түлүктү сертификациялоо  менен эл аралык  стандартка ылайыкташтырууда жардам берет.  

Алгачкы консултация Техникалык колледжде өтүп эми алар  Сert International сертификат алууга  НАССР системасына жөнөтүштү.

«Техникалык колледжде Сert International тарабынан аудит жасалып, алар учурда  НАССР системасы аркылуу сертификат алууга арыз беришти», — деп билдирет Экономика  министрлигинде.

Мындан тышкары азык түлүк коопсуздугу боюнча менеджмент  боюнча консультация берилди.Анда эл аралык  ИСО 22000 стадарты боючна  «Вавилон» рестораны  каралды.

Учурда ресторан эл аралык  ISO 22000 сертификатын алуу үчүн максаттуу иш-аракеттерди жасап жатышат.

Эми эл аралык стандартта иштейбиз деген чакан жана орто бизнеске Экономика министрилиги тарабынан азык түлүк коопсузуду  юоюнча консультация жүргүзүлөт.