Минфин 1.9 млрд сомго баалуу кагаз чыгарат

19 июня 2019, 09:00

2019-жылы мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууга 1.9 млрд сом жумшалат. Бул тууралуу Финансы министрлиги сайтында жарыялады. 

Мамлекеттик казналык вексель (МКВ) 12 мөөнөтүндө  чыгарылып, ага жалпысынан  300 млн сом коротулат. Мамлекеттик казналык векселди сатуунун аукциону– 20-июнда жүрөт.

Мындан тышкары Финансы министрлиги мамлекеттик казналык облигацияларды (МКО) эки жылдан беш жылга чейин жүгүртүү мөөнөтү менен чыгарып, аны чыгарууга 1,6 млрд сом жумшалат. Кирешелүүлүгү 5-6% .  Сатуулар 21-июнда жүргүзүлөт.