Москвадан 406 кыргызстандык учуп келди

17 августа 2020, 09:10

16-августта Кыргызстанга «Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен 406 кыргызстандык учуп келди. Алардын арасында 26 жаш бала бар, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

 

Каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.