Бишкек мэриясы: Биз талап тоноого жол бербейбиз

8 августа 2019, 15:29

«Урматтуу шаардыктар! Биз эч кандай баш аламандыкка жол бербейбиз. Бишкекте талап тоноого жол бербейбиз», – деп «Акчабарга» муниципалитет билдирди.

Бишкек шаарындагы баардык кызматтар  иштейт. 

«Урматтуу  шаардыктар жана коноктор! Сиздерден суранарыбыз эч кандай баш-аламандыкка жол бербей,  тынчтыкты сактоого чакырабыз!» – деп билдирди. 

Бишкек мэриясы мыйзамсыз күмон санаткан акцияларга катышпоону суранабыз деп билдиришет. 

«Биз баардык жоопкерчлик менен жарыялайбыз, укук коргоо органдары менен биргеликте тынчтыкты сактоого баардык күч аракеттерди көрөбүз, », – деп билдирди мэрия.