Улуттук банк 1.5 млрд сомду банктарды каржылоого берет
Кыргызстандын Улуттук банкы бул аптада бир нече жолу баалуу кагаздарды жайгаштырат. Алардын жүгүртүү мөөнөтү жана ар кирешеси менен аукционго чыгарылат деп билдирет Улуттук банктан.
Кечээ 20-майда Улуттук банк жети жылдык мөөнөттөгү Мамлекеттик казналык облигацияны сатууга чыгарды. Баалуу кагаздардын эмиссиясы 215 млн сомго чыгарылып, МКО ар бири 81.07 сом, 10.94% кирешеси менен кооюлган.
«Ошентип, Мамлекеттик казыналык облигациялардынын жалып суммасы 198.5 млн сом сатылды», — деп билдирет Улуттук банктан.
Мындан тышкары, бүгүн 21-майда Улуттук банктын 7, 28,91 жана 182 күндүк Ноталары сатыкка чыгарылат.
Учурдагы эмиссиядан 7-күндүк нотадан — 2.2 млрд сом, 28-күндүктөн — 650 млн, 91-күндүктөн — 200 млн, 182-күндүктөн — 100 млн сом киреше алуу күтүлүүдө.
23-майда Улуттук банк аймактардагы банктарды өнүктүрүү үчүн кайра каржылоо үчүн баалуу кагаздарды чыгарат.
«Кредиттик ресурстун көлөмү — 1.5 млрд сомго бааланып, алты айга насыялоо каралган. Арызды кабыл алуунун төмөнкү чеги — 20 млн сом, максималдуу көлөмү — 450 млн. Кредит алуудагы коммерциялык банктардын чеги 12% ашпоосу керек», — деп жазылган Улуттук банктын сайтында.