Нарында 10 миң 58 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди
Нарында 10 миң 58 үй-бүлө гуманитардык жардам алды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.
Анын айтымында, Нарын облусунда жардамга муктаж жалпы 18 миң 542 үй-бүлө бар.
«Соцөнүтүрүү министрлигинин каттоосунда өтө жакыр 7 миң 90 үй-бүлө турат, ал эми жакыр 11 миң 452 үй-бүлө бар. Алардын ичинен 10 миң 58 үй-бүлө жардам алды. Дагы 8 миң 484ү жардам ала элек», — дейт ал.
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилген.