Улуттук банк эсептик ченди кыскарты

28 мая 2019, 10:42

КР Улуттук банкынын башкармалыгы 2019-жылдын 25-майында эсептик чен өлчөмүн 25 базистик пунктка 4,25 пайызга чейин төмөндөттү. Бул тууралуу  маалымат жыйынында КР Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтуусунда, Кыргызстанда баа динамикасы төмөн бойдон калууда. Май айында инфляция жылдык мааниде алганда 0,3% түзгөн.

Улуттук банктын башчысы билдиргендей, экономиканын негизги секторлорунда жигердүүлүк сакталууда.

"2019-жылдын январь-апрель айларында ИДП 5,7% түзгөн, "Кумтөр" боюнча маалыматтарды эске албаганда 1,6 пайыз чегинде калыптанган", - деп кошумчалады ал.