Улуттук банк бир нече финансы уюмдарынын лицензияларын чакыртып алды

20 мая 2019, 17:01

Улуттук банк бир нече финансы уюмдарынын лицензияларын чакыртып алды. Бул тууралуу алар расмий сайтында жарыялашты. 

Катышуучулардын 2019-жылдын 13-майында болуп өткөн жалпы чогулушунда өзүн жоюу тууралуу чечим кабыл алынгандыгына байланыштуу «Алтын-Казына МДТ кредиттик союзу» финансылык кооперативинин 2013-жылдын 17-августундагы №484 лицензиясы 2019-жылдын 17-майынан тартып жокко чыгарылды. 

 Улуттук банкы, «АсИсНур» ЖЧКнын аталышы «ПЭЙ24» ЖЧК деп өзгөргөндүгүнө жана юридикалык жактын жайгашкан жеринин өзгөрүшүнө байланыштуу, 2019-жылдын 16-майында төлөм системасынын операторунун № 2014260615 жана төлөм уюмунун № 3013260615 лицензиялары кайра таризделгендигин билдирет».