Бир жыл ичинде КР энергетика системасы дүйнөлүк рейтингден 164-орундан 143-орунга көтөрүлгөн

27 мая 2020, 12:00

Энергосистемадагы дефицит жана маселелерге карабай Улуттукэнергохолдинг кардарларды тейлөөдөгү баанын саны өзгөрткөн жок. Бул эң чоң бирден-бир жетишкендик. Бул туууралуу холдингтин жетекчиси Айтмамат Назаров журналисттерге маалымат жыйын өткөзүп жатып билдирди.

 

 

«Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлгөн рейтингде Кыргызстандын энергетика тармагы 2018-жылы 164-орунда болчу. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 143-орунга көтөрүлдү. Башкача айтканда, 21% жакшырттык. Муну менен катар Кыргызстан реформа жасап жаткан мамлекет катары таанылды. Бул энергетиктер үчүн жакшы көрсөткүч. Андан сырткары, кардарларды тейлөөдөгү баанын саны өзгөргөн жок», — деп билдирди Назаров.

 

Эске сала кетсек, кырдаалга байланыштуу электр энергияны убагында төлөбөгөндөр үчүн пения 1-апрелден тарта токтотулган.