Nestle компаниясы менен Тилек Токтогазиев иштей баштайт

11 июля 2019, 12:13

Nestle-менен кызматташып баштайм. Ураа- жакшы жаңылык деп бөлүшкөн өзүнүн социалдык тармактагы  баракчасынан Тилек Токтогазиев. 

Учурда ал  Швейцарияда тамак чыгаруу боюнча дүйнөдөгү  ири компания Nestle  менен келишим түзүүгө камынып жүрөт. Азырынча жолугушуу жеке ишкер катары өтүп жатканы тууралу жазып, министр кызматында болсом, балким башка масштаб болмок деп билдирген. 

«Өкүнүчтүсү, маанилүү  жолугушууга фермерлердин кызыкчылыгын коргогон жеке ишкер катары бара жатам. А  эгер министрдин статусунда болсом, бул корпорация менен кызматташуунун динамикасы жогору болмоктур»-деп билдирген. 

Бирок, ал кубанычтуу маалыматын кыбыраган кыр ашат деген дем менен бүтүргөн.