Ноокат районунда 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

21 сентября 2020, 11:30

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Тескей-Кожоке айылында жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Бүгүн, 18-сентябрда өткөн мектептин ачылуу аземине Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков катышты.

Абдижалил Чынгараев атындагы орто мектебинин курулушу 2017-жылы 31-августта башталып, 225 окуучуга ылайыкташылган. Мектептин спорт залы жана ашканасы заманбап талапка ылайык салынган. Бир компьютердик классы бар. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 51 млн сом бөлүнгөн.

Учурда бул мектепте 220 окуучуга 26 мугалим билим жана тарбия берүүдө.