Нурлан Акматов Евразия экономикалык комиссиясына бажыны жөнгө салуучу болуп дайындалды
Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) Кыргыз Республикасынан Нурлан Акматов дайындалды. Анын ыйгарым укугу Евразия экономикалык биримдигинде бажы көзөмөлүн жөнгө салуу.
Нурлан Акматов (ЕЭК) Мукай Кадыркуловдун ордуна келди.
ЕЭК коллегиясынын жаңы мүчөсү – бажы кызматынан келген адис. Нурлан Акматов 1995-жылдан бери КР бажы кызматында иштеп, катардагы кызматчыдан Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасына чейин көтөрүлгөн адис.
2011-жылдан 2018 -жылга чейинки аралыкта Кыргызстандагы эң ири ишкана – «Газпромнефть Азия» жетекчилик кызматта иштеген. 2018-2019-жылдары «Манас» эл аралык аэропортун жетекчтеген.