Экспорттолгон кыргыз товарларынын көлөмү 1 млрд. $ түзгөн

27 сентября 2019, 13:26

2019 – жылдын сегиз айдагы жыйынтыгы менен экспорттун көлөмү 1 млрд.60 млн. $ же болбосо 9.1% өскөн.  Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. 

Экспорттун өсүүсү – 2018 – жылдын январь-июль айында (($971.7 млн) 88.3 млн. $ түзгөн. Импорт 369.6 млн. $ же болбосо 11.8% кыскарган. 

Өкмөт бизнести колдоодо бир катар чечкиндүү кадамдарды кабыл алганын, премьер-министр билдирди. 

«Түз инвестициялардын көлөмү биринчи жарым жылдыкта 59.9% көбөйүп, 394 млн. $түзгөн», - деп айтты Абылгазиев.