2019-жылы $169.8 млн инвестициядан түшпөй калган
Быйыл түз инвестициялардан $169.8 млн каражаттар түшпөй калган. Түз инвестицияларда каражатын келүүсү үч эсе кыскарып, баардык тармакта төмөндө болуп жатканын Улуттук статистика комитети тастыктады.
Январь – март аралыгында мейманкана менен ресторандарда түз инвестиция 35.1 эсе түшсө, финансалык ортомчулук жана камсыздоо – 14.2 эсе, электр энергия,газ жана буу менен камсыздоо- 7.4 эсе, пайдалуу кендерди казуу – 6.7 эсе, транспортук ишмердиик – 2.4 эсе, чекене жана дүң соода кылуу– 11.5% эсе азайган.