Отунбаева: Аялдардын экономикалык укуктары менен мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү керек

21 мая 2019, 13:28

 Нур-Султан шаарындагы  «Дем берген өсүү: адамдар, шаар, экономика» XII Астана экономикалык  форумуна Казахстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, учурдагы өлкө башчысы Касым-Жоомарт Токоев менен Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева  катышты. 

Роза Отунбаева «Туруктуу  социалдык өнүктүрүүдө санариптештирүү»,  ошондой эле  I Казахстандын туруктуу өнүгүү форумуна катышты. 

 «Платформа G-Global» форумунда Отунбаева Борбордук Азия мамлекеттерин экономика, соода сатыкта, инвестиция тартууда биргелешип иштөөгө чакырды. Бул кызматташтыкта адамдардын ресурсу зор байлык экенин эске салып, билим берүү тармагына, жогорку технологиялар боюнча адисттерди даярдоого, IT  жана жасалма интеллекке багыт алууну белгиледи. 

Кыргызстандын экс-президенти «Платформы G-Global» уюштуруучуларына кайрылып, Борбордук Азиядагы көңүл буруучу тармактарга токтолду.  

«Айрыкча, аялдардын экономикадагы укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн, илим, инновацияда иштөөсүнө шарт түзүү керек», — деп билдирди Отунбаева. Ал «Илимдеги инновация жана бизнестеги аялдар» деген сессияда негизги спикер катары сүйлөдү.