Өзбекстанда кымбат унааларга болгон бажы төлөмү жоюлат

17 октября 2019, 16:46

Өзбекстанда импорттогу бажы салыктары жана өлкөгө алып келинген товарларга салынуучу кошумча салыктарга өзгөртүүлөр киргизилди.

Ага ылайык, Өзбекстанга ташып келинүүчү — заводдон чыкканына 2 жыл болгон, баасы 40 миң доллардан жогору жеңил унааларга 20 пайыздык бажы төлөм жокко чыгарылмакчы.
Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан баштап ишке кирет.

Ал эми Кыргызстанда 2020-жылдын 1-январынан тарта өлкөгө ташылып келинген кымбат автоунаалардын бажы төлөмү 11 эсеге көбөйөт.