Парламенттик шайлоого 277 эл аралык байкоочу мониторинг жасап жатат

4 октября 2020, 13:30

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 43 чет мамлекеттен 277 эл аралык байкоочу 33 уюмдун атынан, 77 жарандык уюмдардан, 16 саясий партиялардын байкоочулары мониторинг жасап жатышат. Бул тууралуу КР БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Коомдук байкоочу – бул коммерциялык эмес уюмунан дайындалган адам (мындан ары коммерциялык эмес уюм) шайлоого даярдыктын жүрүшүнө, добуш берүүлөрдүн өткөрүлүшүнө, добуштардын жыйынтыгын аныктоого жана мыйзам тарабынан орнотулган тартипте шайлоо жыйынтыгын билүүгө байкоо жүргүзөт.

Эл аралык байкоочу болуп чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан келип, мыйзамдуу түрдө шайлоолордун жана референдумдардын даярдыгына жана өтүшүнө байкоо жүргүзүүгө укуктуу адам.