ПЦР жана ИФА тесттин баасы канча турат?
«Auqalab» жана «Экспресс плюс» жеке лабораторияларга ПЦР жана ИФА тест алууга уруксат берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында тесттин баасы – 1600 сомду түзөт.
Эске сала кетсек, буга чейин ПЦР жана ИФА тесттер «Бонецкий» лабораториясында гана жүргүзулуп келген.