2020 – жылы калктын санын каттоо электрондук негизде жүргүзүлөт

10 сентября 2019, 10:07

Кыргызстандын улуттук статистика комитети 2020- жылдагы калктын санын каттоо үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыкты.  

Электрондук форматка өтүү Президент  С.Жээнбековдун тапшырмасынын негизинде аткарылган. 

Бул тиркеме атайын тестирлөөдөн өтүп,  Токмок, Чүй жана Ысык-Көл областынын Кум-Бел айыл аймагындагы жашоочуларды каттады.

Тестирлөөнүн жыйынтыгында, маамыламттарды алууда жана аны кайра оңдоодо  аз убакыттын кете тургандыгы тастыкталды. 

“Ошол с ебептен 2020 - жылдын 23 – мартынан 1 – апрелине чейин калктын санын толук кандуу электрондук негизде каттоо жүргүзүлөт.” – деп билдирет статистикалык комитет.