2018-жылдын апрелине караганда доллардын курсу өстү

19 апреля 2019, 18:17

2019-жылы апрелдеги доллардын курсу сомго карата былтыркы убакка салыштырганда  85.9 тыйын өскөн. 

Кыргызстандын Улуттук  банкынын маалыматы боюнча, учурда америка долларынын курсу  сомго карата 69.67 сом болуп, калыбында сакталды. Бирок, 12-апрелден бери  доллардын курсу 17 тыйынга төмөндөгөн.

Эскерте кетели валюта рыногундагы абал Улуттук банкты  апрелдин башында  интервенция жасоого түрткү  болду. Учурда $22.8 млн америка доллары сатылган.