Кыргызстанда «балага сүйүнчү» 90.9 миң адам алды

22 апреля 2019, 11:45

 2019-жылдын 1-январынан тарта жарык дүйнөгө келген балдар үчүн жөлөкпул   «балага сүйүнчү» 90.9 миң адам алды. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөтү билдирди. 

2018-жылдын 1-июлунан тарта ай саыйын берилүүчү жөлөк пулдун суммасы жогорулаган:

  • Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, ВИЧ инфексиясы бар энеден туулган балдарга 3 миңден 4 миң сомго көтөрүлгөн;
  •  I топтогу майыптыгы бар балдарга 3 тмиңден  4 миң сомго чейин;
  •  II топтогу майыптыгы бар балдарга 2.5 миңден  3.3 миң сом;
  •  III топтогу майыптыгы бар 2 миңден 2.7 миң сомго чейин жогорулаган.

Майып балдарды баккан ата-энелерге, асырап алгандарга колдоо көрсөтүү максатында  «жеке ассистент» деген макам киргизилип, акы төлөнүп баштады.

«Ай сайын жеке ассистентке 4.9 миң сом каралган», — деп билдирет өкмөттө.