Кыргыз-Казак Өкмөт башчылары жолугушту. Эмне маселе талкууга алынды?
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келди.
«Манас» эл аралык аэропортунда аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.
Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында бир катар иш-чара өткөрүү пландалган, алардын катарында VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйыны. Ал эми эки тараптуу жолугушуулар тар жана кенен форматта өтмөкчү.
Тараптар жыйын учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелерди кароону пландаштырууда. Күн тартибине транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген.
Ошондой эле Казакстан Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.
Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.