Президент Сооронбай Жээнбеков ишкерлерди коргоого чакырды

1 ноября 2019, 13:37

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-ноябрь кыргыз милициясынын 95 жылдыгы менен куттуктап жатып, ишкерлерин колдоого чакырды. 

«Ишкерлердин коопсуздугун сактамйынча, экономикалык жактан өнүгүүгө, бюджеттин өсүүсүнө, эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдун көбөйүшү мүмкүн эмес. Силердин айлык акы дагы көтөрүлбөйт эле. Кээде ишкерлер милициядан колдоо таппагандыктан, мамлекет жетекчилерине түз кайрылууга аргасыз болушат», -  деп билдирди.  

Бизнести коргоо, ишкерлерди колдоо жалпыбыздын милдети экенин президент кошумчалады.